• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Өмүрбаева Нургүл, Сапар Исаковдун апасы: «Менин балам суудан таза, кардан ак!»(видео)

9 Баш оона 2018 16:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 09.08.2018. Govori.TV

Бүгүн экс-премьер министр,  жемкорлукка айыпталып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта жаткан Сапар Исаковдун баш коргоо чарасы шаардык сотто каралып, сот райондук соттун чечимин күчүнө калтырды.

Соттук отурумдан кийин Сапар Исаковдун апасы менен жубайына, туугандарына учурашып, сүйлөшүүгө күзөтчүлөр тарабынан уруксат берилбей, ал сотко төрагалык кылуучудан бир мүнөткө уруксат суроого аргасыз болду.

Кыска жолугушуудан кийин көзүнө жаш алган апасы Өмүрбаева Нургүл, «Менин балам суудан таза, кардан ак!»,-деди.

«Уюткулуу акылдуу элим, кайсы жерде калыстык жана  акыйкаттык болуп жатканын көрүп, таразасын салып жатат. Эл акыры баары бир түшүнүп,калыс сөзүн айтат.  Менин балам суудан таза, кардан ак. Эч кимдин акысын жебеген.  Ак адамды алып келип,камакка отургузуп коюп, күнөөлөп каралаган бул  кудайга жакпаган иш болуп жатат. Баары бир аягы жакшы болот. Менин уулум баштаган иш уланат. Элин бактылуу кылат»,-дейт Исаковдун апасы.

Эске сала кетсек, Сапар Исаков 5-октябрга чейин камакта кармалат.

Количество просмотров: 25