Бүгүн, 27-мартта Бишкек шаардык соту журналист Жоодар Бузумовдун баш коргоо чарасын карамак, бирок анын жактоочусу келбей калганына байланыштуу отурум 1-апрелге жылды.
Белгилей кетсек, 12-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту журналист Жоодар Бузумовдун баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакта калтырган.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 17-январында Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган.
ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.