• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бүгүн студенттердин Эл аралык күнү

17 Жетинин айы 2019 9:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Студенттердин эл аралык күнү
1946-жылы 17-ноябрда Чехословакиянын борбору Прага шаарында Студенттердин дүйнөлүк Конгреси өтүп, ошол күндөн тарта ушул дата майрам катары бекитилген.

Эң алгачкы жолу 1939-жылдын 28-октябрында Чехословакияда студенттер менен жогорку окуу жайдын окутуучулары көчөгө чыгып демократияны, Чехославакиянын түптөлүшүн майрамдашмак болушкан. Бирок демонстрация баскынчылар тарабынан токтотулуп, андагы студенттер менен окутуучулар куулуп, жыйынтыгында медициналык факультеттин студенти Ян Оплеталга ок тийип, ал каза болгон,-делет.

Андан кийин студенттердин нааразычылыктары күчөп, бардык окуу жайлар жабылганга чейин барган. Бирок, 1946-жылы студенттер акыйкаттык табышып, Чехияда бул күн мамлекеттик майрам катары белгиленип калган.

Количество просмотров: 84