«Мен зомбулукка каршымын, БИРОК…». Мындай сөздү аялдарга карата зордук-зомбулук жөнүндө посттордун комментарийлеринде көп кездешет. Бул болсо зордук-зомбулук көрсөткөн адамды актап, анын ордуна жабыркаган аялды күнөөлөп салуу болуп калат. Эмнеге бул туура эмес экенин ушул видеодо түшүндүрүп беребиз.
«Сиз «Мен зомбулукка каршымын, бирок…» деген сөздү уккансызбы? Дээрлик ар дайым бул «бирок» дегенден кийин жабырлануучуну күнөөлөнөлөшөт.»
Бул зомбулук үчүн күнөөнү жабырлануучуга оодаруу, башкача айтканда, виктимблейминг деп айтылат.
Жакында Бишкекте, мейманканалардын биринде кыздар сабалганы айтылган. Камералар алар бассейнге ыргытылганын, эркектер аларды уруп, тээп жатканын тартып алган.
Көпчүлүк кыздарды жакташты. Бирок комментарийлерде: «Алар өздөрү эле чагым салышкан», – деген сөздөр айтылган.
Эсиңиздеби Өзгөндөгү окуя, күйөөсү мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуусунан кийин аялын өлтүрүп койгондо? Анда дагы «мен зомбулукка каршымын, бирок»… деп башташкан. Ал эми бир блогер атүгүл өлтүрүлгөн аялды жасабаган иши үчүн күнөөлөгөнгө жетишкен.
«Мен зордук-зомбулукка каршымын, бирок…» деген эмнени билдирет? Бул сөз айкашы жабырлануучуларды коргобойт, тескерисинче, агрессорду актайт.
Эмнеге ушинтип айтышат? Анткени көпчүлүк жаман нерсе жөн эле болуп калышы мүмкүн экенин моюнга алгысы келбейт. Ошондуктан: «Өзү күнөөлүү» дешет.
«Виктимблеймингдин кесепети коом үчүн абдан кооптуу:
Акыры, жабырлануучуну күнөөлөө менен, адамдар адеп-ахлактык ката кетиришет. Зыян тарткан адамды ага зыян келтирилгени үчүн жемелөө – адамгерчиликсиздик.
Бул сөз айкашын колдонуу менен биз адамды айрым аракеттери үчүн сабап же атүгүл өлтүрүп коюуга болорун колдоп коебуз. Ошондо адамдар аялды уруп коюшса, демек, ал «туура эмес» бир нерсе кылган деп ойлой башташат.
Зордук-зомбулукка каршы болсок, кантип туура реакция кылышыбыз керек? Эң биринчи, эч кандай «бирок» болбош керек. Туура реакция – жабырлануучуну колдоо, күнөөлүүгө адилет жаза талап кылуу жана мындай окуянын алдын алуу үчүн жыйынтык чыгаруу. «Мен зордук-зомбулукка каршымын» деген сөздөн кийинки ар кандай кошумчалар аны куру сөзгө айландырат.
Аны башка сөзгө алмаштырууга убакыт келди: «Мен зордук-зомбулукка каршымын. Чекит».
Ойлон! Агрессияны колдобо. Жабырлануучуну колдо.