• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

“Эл үмүтү” стипендиясы 50 миң долларга чейин берилет

27 Баш оона 202412:35 Бишкек Govori.TV

КР Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясы президенттин жарлыгына ылайык, жылыга ыйгарылып келет.

Бул стипендияны берүүнүн максаты — Кыргызстандын таланттуу жаштарына жогорку окуу жайларынын, билим берүү программаларынын QS World University Rankings, Times Higher Education топ-100 дүйнөлүк рейтингине кирген чет өлкөлүк окуу жайларында магистр жана PhD доктору деңгээлинде билим алуусуна көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Эл үмүтү» стипендиаттарына берилүүчү каражат жыл сайын Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан бөлүнүп турат.

Чет өлкөлөрдөн билим алууга бериле турган «Эл үмүтү» стипендиясынын ар жылдык өлчөмү 50 миң АКШ долларына чейин болот. Стипендиат өз алдынча акысыз окуу же окууга арзандатуу алуу укугуна ээ болгон учурда, бул стипендия республикалык комиссиянын чечими менен стипендиаттын транспорттук чыгымдарын жабууга жана жашоосу үчүн берилиши мүмкүн. Транспорттук чыгымдарды жабууга жана жашоого стипендиянын өлчөмү Билим берүү жана илим министрлигинин чечими менен аныкталат.

Аталган стипендияны ыйгаруу тартиби жөнүндөгү жобого ылайык, толук окуу курсун аяктаган жана диплом же аны алмаштыруучу башка документ алган стипендиаттар республикалык комиссиянын чечими менен контрактта каралган мөөнөткө мамлекеттик органдарда жана уюмдарда ишке орноштурулууга тийиш.

Белгилей кетсек, “Эл үмүтү” стипендиясы алгач 2022-жылы 8 стипендиатка ыйгарылса, 2023-жылы 11 адам алган. Бул жылы 149 талапкердин ичинен 27 адам стипендиат болду.

Количество просмотров: 286