• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бүгүн Жапаров менен Путин Сочиде жолугат

24 Бугу 2021 8:59 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-майда президент Садыр Жапаров Орусияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш сапардын алкагында Сочи шаарында Президент Садыр Жапаров Орусиянын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун жана евразиялык экономикалык интеграциянын актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУ алкагындагы коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы байланыштарга өзгөчө көңүл бурулат.

Жолугушууда ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы көрүлүп жаткан чараларды, анын ичинде Орусиянын вакциналарын Кыргызстанга жеткирүүнү талкуулоо пландаштырылууда.

Бул сапар үстүбүздөгү жылдын 10-майындагы Кыргызстан менен Россиянын лидерлеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө жетишилген макулдашууларды өрчүтүү максатында болмокчу.

Количество просмотров: 173