• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бүгүн Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик сапары менен барат

11 Жалган куран 20219:06 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшөкеевдин айтымында, Жапаров Ташкентте өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушуп, эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзөт.

Садыр Жапаров Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов жана премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушууларды өткөрөт.

Мындан тышкары иш сапардын алкагында кыргыз-өзбек бизнес форумун да өткөрүү пландалган.

Количество просмотров: 86