• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бүгүн жолдорду тазалоо иштерине 35 атайын техника тартылды

15 Жетинин айы 2021 9:34 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Бишкек шаарында жолдорду тазалоо иштерине 35 атайын техника тартылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, жолдорду кардан тазалоого эртең мененки убакытка чейин 44 тонна туз керектелди.

«Тазалоо иштери таңкы саат 4:00дө башталды. Мындан тышкары 608 көчө шыпыргыч штаттык негизде иштеп жатат. Учурда «Тазалык» кызматкерлери жолдорду кардан тазалоо боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 54