Бишкек – Ош унаа жолундагы «Сосновка» стационардык постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, мындай чектөө «Төө-Ашуу» ашуусундагы аба ырайынын шартына байланыштуу. Бишкек – Ош унаа жолунун 118-146 чакырымдарында (Төө-Ашууга чейин жана андан ары Суусамыр өрөөнүнө чейин) кар жааган. №9 жол тейлөө башкармалыгынын кызматкерлери түндөн баштап жолду кардан тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Ошондой эле Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк ашууларында дагы тиешелүү техикалар тартылып, жолду тазалап жатышат.