• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте жолдорду кардан тазалоо иштери жүрүп жатат

26 Жетинин айы 20219:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында жолдорду кардан тазалоого иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол тазалоо иштерине 38 атайын техника, 26 кар тазалоочу унаа, 4 кичи трактор тартылды.

«Жол тазалоо иштери таңкы саат 4:00дө башталган. Мындан тышкары 650 көчө шыпыргыч штаттык негизде иштеп жатат. 133 көчөгө 20 тонна туз керектелди. Учурда «Тазалык» кызматкерлери жолдорду кардан тазалоо боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 89