• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бүгүн Жуманазарова кореялык спортчуга каршы килем үстүнө чыгат

6 Тогуздун айы 2021 12:45 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында килем үстүнө чыгат. Жуманазарова өзүнүн салмагында (68 кг) мелдештин тандоо турунан баштап катышат. Ал алгач кореялык Минжи Ха менен күрөшөт.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Осло шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер арасынды) алтын, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми Алибек Осмонов (эркин күрөш) коло медаль багындырды.

Количество просмотров: 578