• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026
51kg FS — Marlen Abdraimov (KGZ)

Марлен Абдраимов дүйнөлүк чемпионатта коло медаль утту

26 Баш оона 20249:50 Бишкек Govori.TV


Кыргызстандык балбан Марлен Абдраимов Иорданияда өтүп жаткан жаштар арасында дүйнөлүк чемпионатта коло медалга ээ болду.

Мелдеш 17 жашка чейинки спортчулар арасында өтүп жатат. Абдраимов 51 кг салмак чен бирдигинде беттешке чыгып, түркмөнстандык, беларусиялык, азербайжандык спортчуларды жеңип, жарым финалга чыккан.

Жарым финалдык беттеште америкалык балбанга жеңилип, үчүнчү орун үчүн болгон кармашта өзбекстандык балбанды 17:6 эсеби менен жеңди.

Абдраимовдон тышкары, кыргызстандык балбандар эркин күрөштөн дагы 3 алтын медаль жеңип алышты.

Количество просмотров: 118