• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бүгүндөн баштап, Бишкекте таза суунун баасы кымбаттады

15 Жетинин айы 201917:52 Бишкек Govori.TV

Бишкекте таза суунун акысы бүгүндөн баштап кымбаттады. Мындай чечим 24-октябрда Бишкек шаардык кеңештин кезектеги сессиясында кабыл алынган.

Кошумчалай кетсек, суу менен жабдуу – ичүүчү сууну берүү (1 куб метр үчүн) калкка 8 сом 10 тыйын болсо, бюджеттик уюмдар үчүн 9 сом 10 тыйын. Ал эми башка колдонуучулар үчүн тариф 13 сомду түзөт. Ал эми сууну бөлүштүрүү, агынды сууларды кабыл алуу жана тазалоо (1 куб метр үчүн) салыксыз калк үчүн 2 сом 30 тыйынды түзсө, бюджеттик уюмдар үчүн 3 сом, ал эми башка колдонуучулар 6 сом төлөшөт.

Количество просмотров: 1392