Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүн, 22-декабрда Бишкектеги ооруканалардагы бош орундар тууралуу маалымат берди.
Ооруканалардагы бош орундардын саны:
— Улуттук госпиталда 108 орун;
— №1 шаардык клиникалык ооруканада 15 орун;
— Республикалык наркология борборунда 65 орун;
— Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 66 орун;
— Урология борборунда 34 орун;
— Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 28 орун;
— Улуттук кардиология жана терапия борборунда 24 орун;
— Улуттук фтизиатрия борборунда 19 орун;
— Темир жол ооруканасында 18 орун;
— №2 клиникалык төрөт үйүндө 16 орун;
— Улуттук онкология жана гематология борборунда 2 орун;
— Кыргыз-Түрк ооруканасында 14 орун;
— Улуттук хирургия борборунда 3 орун бар.