• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бүгүнкү күнгө карата Бишкектеги стационарларда 1400 бош орун бар

27 Теке 202011:50 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-июлда саат 08:00гө карата Бишкек шаарындагы стационарларда 1400 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Стационарлардын тизмеси:

— Улуттук фтизиатрия борборунда бош орун жок;

— Темир жол ооруканасында 11 орун;

— Улуттук хирургия борборунда 2 орун;

— Улуттук госпиталда 162 орун;

— №1 интернатта 98 орун;

— Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институтунда 190 орун;

— №1 шаардык ооруканада 48 орун;

— мурунку «Ганси» авиабазасынын аймагындагы пунктта 517 орун;

— Интергельподо 99 орун;

— Көзү азиз жана дүлөйлөрдүн атайын орто билим берүү мектеп-интернатында 44 орун;

— «Discovery» мейманканасында 13 орун;

— «Rixon» мейманканасында 16 орун;

— «Ынтымак» медресесинде 39 орун;

— Республикалык наркология борборунда 83 орун;

— Д.Асанов атындагы аскер лицейинде 50 орун;

— Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын госпиталында 17 орун;

— Улуттук кардиология жана терапия борборунда 11 орун.

Количество просмотров: 86