Бүгүн, 1-сентябрдан тартып Бишкек шаарында коомдук унаа (автобус, троллейбус жана кичи автобустар) адаттагыдай иштеп баштайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарланды.
Белгилүү болгондой, эл ташуучу коомдук унаалар эртең мененкиден кечке чейин тыныгуу жок каттайт.
«Бардык жүргүнчүлөрдү санитардык эрежелерди сактоого, бет кап тагынуу зарыл. Ал эми коомдук транспорттордун ичинде санитайзерлер орнотулуп, залалсыздандыруу иштери дагы жүргүзүлүп турушу шарт», — деп айтылат маалыматта.