• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Бөрүбаев: Тарых музейи 225 миң евро карыздын айынан ачылбай жатат

21 Аяк оона 2021 10:54 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Улуттук тарых музейи германиялык адистерге 225 миң евро карыздан улам ачылбай турат. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев 20-сентябрда парламенттеги жыйында депутат Бурул Аманованын суроосуна жооп берип жатып айтты.

«Ошол карызды бермейинче алар биз менен сүйлөшкүсү келбей жатат, бүгүнкү курс менен ал 23 млн 900 миң сом болот. Ошону которсок алар адистери менен келишет. Алар дүйнө жүзү боюнча иштеген компания экен. Келишим боюнча акы толук төлөнгөндөн кийин немис адистери келип, музейдеги заманбап программаларды ишке киргизишет», — деп түшүндүрдү Бөрүбаев.

20-сентябрда парламенттин финансы боюнча комитетинин жыйынында Бишкектин Тарых музейин ачуу маселеси талкууланды.

Улуттук тарых музейин оңдоо 2016-жылы башталган. Оңдоо иштери ашып кетсе бир жарым жылга созулат деп болжонгон, бирок анын ачылышы улам-улам жылдырылып келет.

Количество просмотров: 146