Бүгүн, 26-ноябрда аба ырайынын сууктугуна карабай оңдоп-түзөөдөн кийин кайра ачылган Улуттук тарых музейине келгендердин кезеги көп. Бул тууралуу сүрөт социалдык тармактарга жарыяланды.
Бишкекте беш жыл бою жабык турган музей 19-ноябрда салтанаттуу ачылган. Жарандарды 20-ноябрдан кабыл ала баштаган. Алгачкы он күндө кирүү акысыз экени расмий кабарланган.
Жаңыланган музейге байыркы таш доорунан баштап Кыргызстандын эгемендик алганга чейинки тарыхын чагылдырган эстеликтердин түп-нускалары коюлган.
2016-жылы оңдоо үчүн жабылган музей коррупциялык талаштуу жагдайларга жана сот иштерине байланыштуу ушул күнгө чейин ачылбай турган.