• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

5 жыл жабык турган Улуттук тарых музейинин расмий ачылышы болот

18 Жетинин айы 2021 14:47 Бишкек Govori.TV

20-ноябрда Улуттук тарых музейинин расмий ачылышы болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-30-ноябрь күндөрү саат 10:00дөн 18:00гө чейин бардык жарандар музейге акысыз кире алышат. Музейге кирүү алдында жарандар кирүү тартиби жана экскурсия шарттары менен тааныша алышат.

Эске салсак, тарых музейи 2016-жылы оңдоп-түзөө үчүн жабылган. Аны реконструкциялоо иштерин Түркиянын Кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) милдетине алган. Бирок кийинчерээк оңдоп-түзөөнүн биринчи этабы аяктаган соң, Кыргызстан менен Түркиянын мамилеси солгундап кеткенине байланыштуу ТИКА ишти андан ары улантууну белгисиз мөөнөткө токтотуп койгон. Музейди реконструкциялоо иштери толугу менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жүктөлгөнү, алар маданий жайдын ичин жасап, оңдоо иштерине немец компаниясын дагы тартып, ортодо чет өлкөлүк компанияга 19 миллион сомдун тегерегинде карыз болуп калганы маалымдалган. Карызды төлөмөйүн чет элдик компания музейдин ичиндеги мультимедиалык жабдуулардын паролу менен ачкычын бербей турганын айтышкан. Жакында гана тергөө жана сот иштери бүтүп, германиялык компанияга болгон 225 миң евро карыз төлөнүп берилгени белгилүү болду.

Количество просмотров: 127