• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бөрүжар каналына үч киши чөгүп кетти

12 Чын куран 2024 9:22 Бишкек Govori.TV

Ташкенттин Чиланзар районундагы Бөрүжар каналына үч киши чөгүп кетти. Бул тууралуу жергиликтүү Renessans TV телеканалы кабарлады.

Маалыматка караганда, кырсык 10-апрелде болгон. Күбөлөрдүн айтымында, алгач суу жээгинде ойноп жүргөн беш жашар бала каналга түшүп кеткен. Аны куткаруу үчүн сууга секирген аял да чөгүп, аларга жардам берүүгө аракет кылган эркек кишини суу агызып кеткен.

Ташкент шаардык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы куткаруучулар беш жаштагы бала менен аялдын сөөгүн табышканын, эркек кишини издөө иштери уланып жатканын билдирди.

Количество просмотров: 657