Бишкек.08.07.2019.Govori.TV.
3-июлда №1 СИЗОдо жаткан 25 жаштагы Юрий Ликов каза болду. Ал кинорежиссер Болот Шамшиевдин автоунаасын урдоого шектелип камалгандардын бири болчу. Бирок, ал кунөөсү мойнуна алган эмес. Бул туурасында «Вечерний Бишкек» басылмасы жазып чыкты.
Маркумдун жубайынын айтымында, акыркы апталардан Юрийдин денесинин табы 39 градустан түшпөй камерада жаткан. Ал ордунан тура да албай калган. «Биз сурандык, жалындык. Бирок бизди эч ким уккан жок. 3-июль күнү ошондой абалда сот отурумуна алып кетишти. Ошол түнү жүрөгү көтөрө албай, кечинде каза болду»,-дейт жубайы.
Анын сөөгү кичи мекени Таласта жерге берилди. Жубайы да ошол жакта. Бирок каза болгон жолдошунун ордуна сот процессине катышуу үчүн ага кабар келгенин айтууда.
Кинорежиссер Болот Шамшиевдин машинесин уурдоого шектүү катары соттолуп жаткан Юрий Ликов Бишкектеги №1 тергөө абагынан быйыл май айында чыкканын маалымат булактарына Жаза аткаруу мамлектетик кызматынын басма сөз өкүлү Элеонора Сабатарова билдирди. Айтымында, ал быйыл 2-майда №47 абакка которулган. Ал жерден дарыгерлердин текшерүүсүнөн өткөндөн кийин оорусуна байланыштуу Кардиология жана терапия борборуна дарылануу үчүн которулган. Ал жактан соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.
2018-жылдын ноябрь айында «Мерседес» машинесин бирөөлөр уурдап кетип, өрттөп жиберишкенин Болот Шамшиев өзү айтып чыккан. Кийин ал машине Чүйдүн Молдовановка айылынан табылган.