• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Бөтөлкөгө отургузуп». Москвада 20 жаштагы кыргызстандык блогер сабалды

1 Аяк оона 2021 14:46 Бишкек Govori.TV

Москвада 20 жаштагы кыргызстандык блогер сабалган. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ал видеолорунда күйөөсүнүн көзүнө чөп салган аялдарды ачыкка чыгарып жүргөн.

«Ал АКШда жашаган кыргызстандык Шамшымамад аттуу жарандын аялы тууралуу маалымат чогултуп, аны интернетке коё бергенде ал адам аны Москвада жашаган тааныштары аркылуу таап, кезигүүнү сунуштаган.
Болжолдошкон жерден жаш блогерди белгисиз адамдар уурдап, токойго алып барып катуу сабашкан. Аббостун полицияга берген маалыматында алар акырында аны “бөтөлкөгө отургузуп” Youtube каналы аркылуу Шамшымамаддан жана анын аялынан кечирим суратышкан», — деп жазат маалымат каражаттары.

Белгилүү болгондой, шектүүлөр кармалып, Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 12-беренеси «Адам уурдоо» боюнча кылмыш иши козголду. Кармалгандар 5 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Количество просмотров: 682