• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Акыл Айтбаев камакта калды

12 Бештин айы 2022 14:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2022-жылдын 12-декабрындагы токтомуна ылайык, А.К.Айтбаевге карата мурда тандалган Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу ЖАМК №21 тергөө изоляторуна камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү 2023-жылдын 20-февраль күнүнө чейин узартылды.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча камалган 30га жакын саясатчы, активисттердин бөгөт чарасы каралып жатат.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодескинин 36-278-беренелери («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Анын алкагында «массалык башаламандык уюштурууга жана даярдоого, бийликти мыйзамсыз басып алуу» боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынган.

Шектүүлөр жашаган даректерде тинтүү жүргүзүлүп, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, кармоо иштери жүргүзүлгөн.

24-25-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад боюнча кармалган саясатчы жана активисттердин соту болуп, 20-декабрга чейин камакка алынган. Кийин шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Кармалгандардын маселеси Элдик курултайда да көтөрүлүп, шектүүлөрдүн айрымдарын үй камагына чыгаруу сунушу резолюцияга киргизилген.

Количество просмотров: 125