• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Ураимов эки айга камалды

11 Бирдин айы 2022 7:48 Бишкек Govori.TV

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү, активист Мирлан Ураимов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына эки айга камалды. Мындай өкүмдү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

УКМК Ураимовду 8-февралда Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык” беренеси менен айыптап кармаган.

Эске салсак, 10-февраль күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин имаратынын жанында Ураимовдун бошотулушун талап кылган митинг өткөн.

Количество просмотров: 57