• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

“Бүтүн Кыргызстандын” мүчөсү Мирлан Ураимов абактан чыкты

9 Жалган куран 2022 12:49 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-мартта Бишкек шаардык сотунда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовдун баш коргоо чарасы каралып, соттун чечими менен камактан чыкты.

Сот Мирлан Ураимовду эч жакка кетпөө тил каты менен абактан бошоткон.

10-февралда Ураимов Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКМКнын убактылуу кармоочу жайына эки айга камакка алынган.

Ал эми соттун имаратынын алдына Ураимовдун тарапташтары аны абактан чыгаруу талабы менен нааразычылык акциясына чыгышты.

Эске салсак, УКМК Ураимовду 8-февралда Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык” беренеси менен айыптап кармаган.

Количество просмотров: 1232