• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирус 13 адамдан аныкталды. Ураимов абактан чыкты

9 Жалган куран 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 9-мартка карата коронавирус 13 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Акыркы суткада 21 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 146 бейтап, амбулатордук түрдө 244 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 671 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 734 киши айыгып чыкса, 2 миң 969 адам каза болду.

СООДА БОРБОРЛОРГО РЕЙД ЖҮРДҮ

Бүгүн, 9-мартта Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев баш болгон топ Бишкектеги «Айчүрөк», «Чынар» өңдүү бир катар ири соода борборлорунда соода кылгандар көзөмөл-кассалык аппараттарын (ККМ) кантип колдонуп жатканын текшеришти.

Натыйжада, текшерүүгө катышкан Арзыбек Кожошев соода түйүндөрдү басымдуу бөлүгү салык мыйзамын аткарбай, ККМ аппарттарын туура эмес колдонуп же колдонбой жатканын айтты.

«Бүгүн биз алдын ала эскертилбеген рейд жүргүздүк. Борбордун чок ортосундагы ЦУМ соода үйүндөгү көпчүлүк соодагерлерде ККМ жок экен. Айрыкча жер төлөдөгү соода түйүндөрүндө дээрлик жокко эсе. Албетте буга биринчи кезекте биздин салык кызматкерлери күнөөлүү, алар түшүндүрүү иштерин жетиштүү жүргүзбөй жатат», — деди Кожошев.

Мамлекет башчы 18-январда жаңы Салык кодексине кол койгон. Документте көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында ишкердик субъектилеринде жапырт көзөмөл-кассалык аппараттарды киргизүү жобосу камтылган.

УРАИМОВ АБАКТАН ЧЫКТЫ

Бүгүн, 9-мартта Бишкек шаардык сотунда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовдун баш коргоо чарасы каралып, соттун чечими менен камактан чыкты.

Сот Мирлан Ураимовду эч жакка кетпөө тил каты менен абактан бошоткон.

10-февралда Ураимов Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКМКнын убактылуу кармоочу жайына эки айга камакка алынган.

Ал эми соттун имаратынын алдына Ураимовдун тарапташтары аны абактан чыгаруу талабы менен нааразычылык акциясына чыгышты.

Эске салсак, УКМК Ураимовду 8-февралда Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык” беренеси менен айыптап кармаган.

Количество просмотров: 107