• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Мирлан Ураимовдун баш коргоо чарасын кароо 9-мартка жылдырылды

3 Жалган куран 2022 10:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык сотунда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовдун баш коргоо чарасын кароо 9-мартка жылдырылды. Буга себеп ишти караган соттун ооруп калганы болгон.

Соттун имаратынын алдында Ураимовдун тарапташтары митингге чыккан, алар соттун ооруп калганына ишенбей турганын билдирип, нааразы экенин айтышууда.

Эске салсак, Биринчи май райондук соту Ураимовду 10-февралда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына эки айга камакка алуу чечимин кабыл алган.

УКМК Ураимовду 8-февралда Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык” беренеси менен айыптап кармаган.

Количество просмотров: 69