• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

«Бүтүн Кыргызстан», «Социал-демократтар» дагы 11 партия БШКга арыз берди

7 Теке 2020 16:55 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-июлга карата 2020-жылдын 4-октябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниети бар партиялардын саны 21ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Алар төмөндөгүлөр:
1. «Ата-Мекен»
2. «Мекенчил»
3. «Бирик»
4. «ОРДО»
5. «Мекен Ынтымагы»
6. «Бийлик элге» (Власть народу)
7. «Чон Казат»
8. «Кыргызстан коммунисттер партиясы»
9. «Единство народа»
10 «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы»
11. «Актив»
12. «Кыргызстандын жумушчулар партиясы»
13. «Республика»
14. «Кыргызстандын агрардык партиясы» 15. «Бир Бол»
16. «Демократ»
17. «Улуу журт»
18. «Кыргызстандын жашылдар партиясы» 19. «Эмгек» 20. «Социал-демократтар»
21. «Бүтүн Кыргызстан».

Буга чейин «Мекенчил»,»Ата Мекен», «Мекен Ынтымагы» өңдүү саясий партияларынан шайлоого катышуу тууралуу билдирүү түшкөн болчу.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмелерин көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн башталат жана шайлоо күнүнө 45 күн калганда, тактап айтканда 2020-жылдын 20-августунда аяктайт. Парламенттик шайлоо  4-октябрга белгиленди.

Количество просмотров: 107