• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Бүтүн Кыргызстандан» күткөн жооп. Мадумаров кайрылуу жасады

5 Тогуздун айы 2020 12:50 Бишкек Govori.TV

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров бүгүн, 5-октябрда шайлоо жыйынтыгы туурулуу билдирүү жасады.

Анын пикиринде, быйыл шайлоодо күрөш бир гана партиялардын ортосунда эмес, адал менен арамдын, чындык менен жалгандын, келечек менен кайдыгерликтин ортосунда жүрдү.

Мыйзам бузуулар ар бир кадам сайын болду. Бирок аны көзөмөлдөгөн же бийлик жок, же ошол жердеги жетекчилик жок. Биз «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы саныбызга эмес, сапатыбызга карайбыз. Аз сан менен өтсөк дагы, көздөгөн максатыбыздан кылдай кыйшайбайбыз. Чыркырыап чындыкты айтып келгенбиз, айта беребиз. Кандайдыр бир келишимдер, көз кысып ымалалашуу деген сапаттар жок. Болгон эмес, болбойт дагы«, — деди Мадумаров өз кайрылуусунда.

“Бүтүн Кыргызстан”партиясынын лидери Адахан Мадумаров: Биз күрөштү улантабыз…

Опубликовано Назаркулом Жоошбаевым Воскресенье, 4 октября 2020 г.

Ал эми соцтармактын колдонуучулары Мадумаров шайлоонун жыйынтыгын тааныбоосу керек деген да кептер айтылууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматына караганда 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өтүштү.

БШКнын 4-октбярда, саат 23:30га карата маалыматы боюнча шайлоонун баштапкы жыйынтыгы дээрлик 98% белгилүү болду. Маалыматка караганда, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясы добуштардын 24,5%, «Мекеним Кыргызстан» 23,9%, «Кыргызстан» 8,7%, «Бүтүн Кыргызстан» 7,0% алып, жети пайыздык босогодон өттү. «Мекенчил» партиясында добуштардын 6,8%, «Республикада» 5,8%, «Ата Мекенде» 4,0%, «Ыйман Нурунда» 3,3%, «Бир Болдо» 3,0%, «Чоң Казатта» 2,3%, «Замандашта» 2,1%, «Социал-демократтарда» 2,1%, «Реформада» 1,6%, «Мекен Ынтымагында» 0,6%, «Ордодо» 0,2% жана «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын саясий партиясында» 0,1% бар. Шайлоочулардын 1,8% баарына каршы добуш беришти.

Количество просмотров: 3002