• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

«Бүтүн Кыргызстандын» мүчөсү Айтбаев камакта калды

10 Жетинин айы 2022 16:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-ноябрда Кемпир-Абад маселесине байланыштуу башаламандык уюштурууга шектелип кармалган «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Акыл Айтбаевдин баш коргоо чарасы Бишкек шаардык сотунда каралууда.

Административдик сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Сотко Айтбаевди колдоп, Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров, Исхак Масалиев жана тарапташтары келгенин көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, Акыл Айтбаев 24-октябрда кармалган. Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20 дан ашуун саясатчы жана активисттер Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. Кармалгандар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же СИЗО-1 деген аталыш менен жалпыга маалым болгон Бишкектеги №1 тергөө абагында 20-декабрга чейин камакта болот.

Количество просмотров: 162