• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Бүтүн Кыргызстандын» мүчөсү Орозайым Нарматованы милиция кармап кеткени айтылды

10 Аяк оона 20219:27 Бишкек Govori.TV

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы активист, аталган партиянын мүчөсү Орозайым Нарматованы укук коргоо органдарынын кызматкерлери Ош аэропортунан кармап кеткенин 10-сентябрда билдирди.

Партия Нарматованын кармалышын саясий куугунтук катары баалайт.

«Өлкөбүздөгү мыйзамсыздыктарга, акыйкатсыздыктарга өз ой-пикирин билдирген жараныбыз, партиялашыбыз Орозайым Нарматованы бүгүн эртең менен саат 05:00 тегерегинде Ош аэропортунан укук коргоо органдары кармап кеткени белгилүү болду. Бийликтин бул аракети сөз эркиндигине болгон чоң сокку», — деп билдирет партия.

 Ички иштер министрлиги жана башка укук коргоо органдары маалымат бере элек.

Кошумчалай кетсек, Орозайым Нарматова Орусияда иштеген эмгек мигранты. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын алдыңкы ондук тизмесине кирип, шайлоого барган.

Количество просмотров: 1017