Бишкек.16.05.2019.Govori.TV.
“Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Президентти жана депутаттарды шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылды.
Алар: Жогорку Кеңештин депутатарын мандаттарын алууга катышуу үчүн саясий партияларга шайлоочулардын добушун 9 пайыздан 5 пайызга түшүрүү;
Мыйзамдын долбоорунда 3 төн 5 пайызга чейинки шайлоочулардын добушун алган саясий партияларга атайын квота – 5 депутаттык мандатты — бекитип берүү;
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер расмий түрдө талапкер болуп каталгандан кийин 3 күндө кызматынан бошотулушу;
Акысыз бөлүнгөн эфир убактысынын 3/2 (үчтөн экиси) теледебаттар болушу сыяктуу долбоорлор айтылды.
Андан тышкары, Б. Төрөбаев: “60-100 миң шайлоочулардын добушун алган партиялардын парламентке кирбей калышын акыйкатчылыкка дал келбейт,”- деп билдирди өз сөзүндө.