• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Бүт жерде интрига, ушак, бузукулук»… Жапыкеев билдирүү жасады

14 Чын куран 2021 10:21 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев өзүнүн Фейсбук баракчасына алдыдагы пландары тууралуу билдирүү жазды.

«Урматтуу достор, баарыңарды Орозо айы менен куттуктайм, ыйман жүрөгүбүзгө кирсин. Биз негизи эле Кудай колдогон элбиз. Кыргыз элинен суранып кетет элем. Ушул айда колдон келишинче бири-бирибизге өзгөчө жардам берели. Кылмыш жасабайлы, бири-бирибизди сабап, зомбулук көрсөтпөйлү. Достор, интернетти ачканда эле тигини муунтуп салды, өлтүрүп салды, башка эч нерсе жок. Кыргыз элим, каякка баратабыз? Бүт жерде интрига, ушак, басмырлоо, бузукулук, үй-бүлө кура албай, жөн үйлөнө албай ала качмай, болбой калса өлтүрүп салмай, мас болуп жол кырсыгына кабылмай. Достор, мунун баарын токтотуш керек. Биринчиден мени бүт облус жетекчилиги, прокуратура жамааты жакшы тосуп алышты. Буюрса, облустун маселелери менен таанышып жатабыз. Облустун губернатору болом деп чуркаган же ойлонгон эмесмин, өзүмдүн эле жумушум жакшы. Мыйзамдуулук, адилеттүүлүктү облуска иштетсек, элдин керегине жарасак да жаман иш эмес. Калптын чеги болбойт экен. Ушинтип эле мени жамандап бүтпөй коюшту. Буюрса, көлдү тегеренип эл менен түздөн-түз кезигебиз, көйгөйлөрүн облус жетекчилиги менен угабыз. Эл үчүн иштегенге даярбыз», — деп жазылат билдирүүдө.

Эске салсак, Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп 30-мартта дайындалган. 5-мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматын жоюу боюнча премьер-министр Улукбек Мариповдун токтому чыккан. Мындан улам мекеменин жетекчиси Жапыкеев кызматы жок калган. Иштен кеткенден кийин ага президент Садыр Жапаров «Финансы полициясынын генерал-майору» наамын берген.

Количество просмотров: 3814