• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Баңгизат менен күрөшүү кызматындагы жетекчи кызматкерине ок атканы айтылдууда

13 Тогуздун айы 2020 14:04 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда жана массалык маалымат каражаттарында ИИМдин Баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча кызматтын башчысынын орун басары өзүнүн кол алдындагы кызматкерге ок атты деген маалымат тарап жатат.

Бул окуя Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын ведомствонун басма сөз кызматы бүгүн, 13-октябрда билдирди.

Ал эми АКИpress агенттиги жетекчи менен кызматкердин ортосунда чыр чыкканын, кызматкер жетекчисин Бишкектеги баш аламандык учурунда жамаатты таштап кеткенин айтып айыптаганын жана уруш мушташка айланып, аягында ок атылганын өздүк булактарына таянып жазды.

Тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда ИИМдин Ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 133