• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Баңгизат сатууга шектелген кыргыз жараны кармалган

29 Аяк оона 202411:44 Бишкек Govori.TV

Сыктывкар шаарында Кыргызстандын жараны Н.К. баңгизатын сатууга шектелип кармалган. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары билдирген.

Тергөө маалыматы боюнча шектүү үч килого жакын баңгизатын унаа аркылуу алган. Шектүү уюшкан кылмыштуу топтун курамы менен бирге баңгизатты майдалап бөлүп, Коми Республикасынын аймагында ар кандай жолдор менен сатмак.

Бул кылмыш билинип калып, шектүү укук коргоо органдарына кармалып, Сыктывкар шаардык соту аны 25-ноябрга чейин камоого чечим чыгарган.

Количество просмотров: 139