• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жалал-Абадда баңгизат сатып жүргөн шектүүлөр кармалды

14 Бештин айы 202411:30 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда баңгизатын сатып жүргөн кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-ноябрь күнү Жалал-Абад ОИИБдин баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан, Сузак районунун аймагында А аттуу жаран баңгизатын мыйзамсыз сактап, таркатып жүргөндүгү боюнча ыкчам маалыматтар алынган.

Аталган маалымат Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан, кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында, кылмышка шектүү катары Сузак районунун алты тургуну кармалган.

Ал эми кармоо учурунда жалпы салмагы 138 грамм гашиш баңгизаты аныкталып, анын 1 граммын 2000 (эки миң ) сомго баалап сатып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

Сузак районунун тургуну 2001-ж.т. И.Б. буга чейин соттолуп, 2021-жылы пробация менен бошотулган. 1969-ж.т. Э.С. «Дракон» каймана аты менен таанымал буга чейин 2002-жылы каракчылык фактысы менен соттолгон. Ал эми 1999-ж.т. А.уулу Ж.,1994-ж.т. Б.уулу Н., 1997-ж.т. К.Ш., 1978-ж.т. Ж.Т. кармалып Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 187