• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Баңгизат жасоого шектелген жаран кармалды

16 Бирдин айы 2022 13:02 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Токмок шаарында мыйзамсыз баңгизат жасоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.

Маалыматка ылайык, Токмок ШИИБинин ыкчам кызматкерлери тарабынан баңги каражаттарын жасап, сактап жүргөн адам тууралуу ыкчам маалымат алынган. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн аты-жөнү аныкталган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө соттун токтомунун негизинде аталган жарандын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, желим бөтөлкөнүн фрагменти (болжол менен бульбулятор) болгон айнек идиш, 15 даана ок, целлофан баштыкка оролгон кочкул-жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар зат жана дат баскан мылтык алынган.

Бул факты 283-беренеде каралган кылмыштардын белгилери менен (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) каттоого алынган.

Кылмышка шектелип 1989-жылы туулган Д.Р. аттуу мурда соттолгон жаран кармалып, убактылуу кармоо жайга киргизилди. Учурда бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Количество просмотров: 75