• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Баасы миллиард сомго чамалаган бала бакча мамлекетке кайтарылды

5 Аяк оона 202412:54 Бишкек Govori.TV

Баасы 920 млн.сомдук Токмок шаарындагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМК тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматка ылайык, имараттын базар баасы 920 миллион сомду түзөт.

«Тактап айтканда, 1996-жылы Токмок шаарындагы Манап бий көчөсү, 236 дарегинде жайгашкан 2-кабаттуу бала бакча комплекси, пайдалуу аянты 1575,0 чарчы метр жана жалпы аянты 6900,5 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси социалдык объектилерди жеке менчикке ажыратууга тыюу салган ченемдик-укуктук актыларга карабастан, жеке адамдар тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип, азыркы учурда максатсыз пайдаланылып жаткандыгы аныкталган», — деп жазылат маалыматта.

УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетишсиздиги көйгөйүн эске алуу менен аталган комплекс Токмок шаарынын мэриясынын муниципалитетинин балансына өз багыты боюнча пайдалануу үчүн, б.а. балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемелерине тартуу максатында өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 107