• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бабалар Мурасы. Укмуштуу Кыргызстан. Бир келип кетчи Таласка

24 Бугу 2018 15:03 Бишкек Govori.TV

Бир келип кетчи Таласка. Талас шаарына сапар

 

Кыргыз тарыхында көп сырларды өзүнө батырган Талас облусу өлкөнүн башка аймактарынан шаардын жаралган тарыхы, ээлеген орду ошондой эле табигатынын кооздугу менен айрымаланып кызыктуу маалыматтарды өзүнө камтып келет.
Бул жолу Govori.TV маалымат агенттиги Бишкектен Таласка барчу жолду , облуст  ичиндеги өзгөчөлүктөр менен таанышуу максатында “Укумуштуу Кыргызстан”, “Бабалар мурасы” аттуу долбоор менен Таласка сапар алды.
 
   Таласка борбордо  жайгашкан батыш автобекетинен атайын жеңил автоунаалар Төө-Ашуу жана Өтмөк ашуусу аркылуу  жүргүнчүлөрдү ташыйт. Жол киренин баасы 300 же 500 сомдун тегерегинде болот. Бул жол менен 4-5 сааттын аралагында Таласка барасың.

 

 

 

Таласка өтмөк аркылуу  эмес, коңшу Казакстан аркылуу да барсаңыз болот. Ал үчүн паспортуңуз керектелет.
Ар күнү саат 20:00, 21:00 жана 23:00дө  гана маршруттук каттамдар  Тараз аркылуу Таласка каттап турат.
Жол киренин баасы 395 сом. Жолго 7- 8 саат кетет.

 

 



 

Батыш автобекетинен Бишкетин чыга беришиндеги Сосновка жол өткөрмөгүнө чейин 70 кмди түзөт. Бул жол өткөрмөгү борборго келген жана чыгып бара жаткан конокторду узатып, тосуп алат. Бул өтмөктөн өтүп Таласка баруу үчүн  ар бир унаа 45 сомдон төлөйт.

 

 

Сосновка жол өткөрмөгү

 

Андан соң тоолорду көздөй сапар алдык..

Тоонун боорунда жайгашкан ийри-буйру жолдор менен Кусейин Көлбаев атындагы туннелге келдик. Деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашканын туннелдин  узундугу 2510 метрди түзөт.

 

Туннелдин ичиндеги кыйымлды көзөмөлгө алуу үчүн атайын видеокамералар орнотулуган.

 

 

Андан ары жыйырмага жакын бурулуш жолдор менен эки сааттын аралыгында Бишкек-Ош жолунда жайгашкан «Парижге» келесиң.

 

“Париж” Суусамырдын эң суук аймагында жайгашкан. Парижге жеткенде токтойбуз деген айдоочулардын сөзү бул жол менен өтпөгөн адамга Франциянын борбору Парижди кыялдандырат. Кыялындагы Парижге жетпесе дагы мезгилдин ысык, суугуна карабай ар бир кардарына ысык чайын дайындап ашкана иштетип оокат кылган адамдар мына ушул жерде күнү-түнү  кызмат кылышат. Бул өрөөн аркылуу жүргүнчүлөр Талас, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарына өтүшөт. Мындан сырткары  мечит жана мейманканалар бар

 

Эки ашуунун ортосунда жайгашкан “Париждин” тамагынан ооз тийип кетпеген кардар арманда калышы мүмкүн.  Бул жакта шаардыкындай эле  шорпо, манты, беш-бармак, лагмандын түрү 150-180 сомго чейин.  Чай, суусундуктарды 100 сомдун тегерегинде сатып алсаң  болот.

 

 

Ал эми куруттун килограммы 250-300 сом, кымыздын литри 150 сом.

 

Курут

Сапар андан ары уланып Таластын босогосунан өтүп Төө-Ашуудан бийик жайгашкан  жайы кышы кар кетпеген 3326 м бийиктиктеги Өтмөк ашуусу муздак шамалы менен тосуп алды.

 

 

Талас шаары

Андан ары ийри- буйру жол аркылуу кырка тоолордун арасында жол жүрүп, жалпысынан Бишкектен чыккан 5 сааттын аралыгында Талас шаарына  келип калдык.

 

Талас облусу Кыргызстандын түндүк-батышынан орун алган. Жалпы аянты 11 400 чарчы км орунду ээлейт. Облусттун борбору Талас шаары эң алгач  кыштак катары 1877-жылы негизделип ага чейин Ак-Чий кыштагы деп аталган.

 

Соңку жылдары Талас облусунда  бир топ өзгөрүүлөр болгон. Мисалы шаардын ичиндеги жолдор оңдолуп, коопсуздук үчүн  жол чырактар орнотулуп, жаңы драм театр салынган. Мындан сырткары шаар тургундары үчүн Кыркчоро кинотеатры жана чакан орунду ээлеген эс алуучу жайлар бар.

 

 

 

Талас облусу эң алгач 1913-жылга чейин Ак-Чий кыштагы деп аталса, орус бийлиги орношу менен Димитревка деп өзгөртүлгөн. 1944-жылы  СССРдин Жогорку Советинин 22-июндагы чечими менен Кыргыз ССРинин курамына Талас шаары болуп өзгөртүлгөн. Албетте, Таластын бул тарыхын ар бир тургуну билүүсү шарт.

 

Келечек жаштардын колунда. Талас шаарынын гүлдөп өнүгүүсүн башкача элестеткен жаштары дагы жок эмес.

Талас шаарынын ичинде ылайыктап салынган чакан  базар бар. Катар-катар салынган ашкана кафелер, унаага май куйуучу  жайлар бар.  Облуста орточо айлык 9000 сомду түзөт.

Мейманканалар

Талас облусунда бир нече мейманканалар бар. Алардин бири “Интурист”. Бул мейманкана Талас облустук администарциясы тарабынан ачылган. Эки кишилик орун сырттан келген конокторго — 1000 сом. Кыргызстандын жарандарына — 800 сомду түзөт. Мындан сырткары алыстан келген туристтерге — $30 доллар. Ал эми бир кишилик орун — 600 сом. Мейманкананын эртең мененки тамагы жок.

 

“Интурист”

Интурист

Эгерде баардык шарттары бар мейманкана десеңиз анча алыс эмес жердеги “Kerben-Palace” мейманканасына барсаңыз болот. Эки орундук бир адам үчүн 1200сом. Эки адамга 1500 сом. Эртең мененки тамагы бекер жана  Wi-Fi бар.
“Kerben-Palace”

 

“Kerben-Palace”

Ашканалар

Талас облусунда чакан кафе, ресторан, чайкана, ашканалар бар. Кафелердеги  биринчи тамагы 110 сомдон башталат. Ага куурдак, шорпо кирет. Ал эми Таластын Гүлчөтайынын бир порциясы 150 сом.
 

Эс алуу жайлар

  Коноко келген туристтер мындан сырткары эс алуу үчүн  “Баш-Таш” жайлоосуна, “Манас” атанын күмбөзүнө , “Каныкей апанын” булагына, Киров суу сактагычына  барса болот.

 

 

Мындан сырткары кыштактарга жакын ыйык булактар, ден-соолука пайдалуу баткактар, асман тиреген тоолор, суулар, табышмактуу үңкүрлөр бар.

 

Govori.TV маалымат агенттиги “Бабалар мурасы” “Укумуштуу Кыргызстан” долбоору менен алгач   Кыргыз Улуттук  “Манас” ордо тарыхый комплексиндеги “Манас” атанын тарыхы менен кененирээк таанышып,  дуба кылдык. Ар кандай ооруудан айыктырып, үй-бүлөгө тынчтык, балалуу болбой жаткандарга бала  алып келген “Каныкей апанын булагына” күбө болдук. Мындан сырткары уламыштарда Беш каракчынын атынан кийин Беш-Таш  деп аталып калган тоого барып келдик. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айылына барып музейине, “Бетме-беттеги” Ысмайылдын үңкүрүнө, Эрте келген турналар повестиндеги “Манас-Атанын ак кар, көк музуна”  Чыңгыз ата, Манас атанын асман тиреген тоолоруна, жалбырактарын делбиретип тосуп алган  Алтынайдын “Кош терегине”, Шекер айылынын тарыхында өзгөчө уламышты өзүнө камтыган “Ак үйгө”, өзгөчө аты менен таң калтырган Сасык булак, Үч-Эмчек айылдарына барып айтылып келген уламыш, тарыхы менен таанышып айылдыктар менен амандашып кайтты. Бул уламыштарды биз лонгрид аркылуу, ар бир уламыштын өзөгүн айтып берген аксакалдардын кеби менен айтып беребиз.
Бул материалдар Интерньюс-Кыргызстандын колдооусу менен даярдалды.
 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Количество просмотров: 130