• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Бабанов өзүнө козголгон кылмыш иш боюнча алыстан үн катты

29 Жалган куран 2018 12:38 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 29.03.2018.Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттинин билдирүүсү боюнча,   «Республика — Ата-Журт» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановго карата «бийликти басып алууга даярдык көрүү» жана «массалык башаламандыкты уюштуруу» фактысы боюнча кылмыш иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, козголду.

Ал эми, бүгүн, алыста жургөн Өмүрбек Бабанов бул тууралуу билдирүү жасады.

«Дагы бир «бийликти басып алууга даярдык көргөн» деген маанидеги кылмыш ишинин козголгондугун окудум. Менин, менин партиялаштарым же тарапташтарымдын бийликти басып алуу же мыйзамсыз иштерди жасоого эч качан ниеттери болгон эмес, болбойт дагы! Шайлоо кампаниясын мен таза өткөрдүм, менин ак ниетимди бардык жарандар көрдү. Бийликти басып алуу такыр маанисиз!»,- деп айтылат билдирүүдө.
«Расмий түрдө дагы бир жолу билдиргим келет: кайсы бир мыйзамсыз кадамдарды пландаган деген адамдар менен мен бир дагы жолу жолуккан эмесмин, тааныбаймын. УКМК ушул маселеге чекит коет деп ишенем»,-дейт Бабанов.
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабановдун чет өлкөгө дарыланганы чыгып кеткени президенттик шайлоонун жыйынтыгы расмий чыгарылгандан кийин кабарланган. Жаңы жыл алдында Бабанов саясаттан кеткенин жарыялаган. 19-январда БШК “Республика” партиясынын лидерин өз арызынын негизинде Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыраткан.
Количество просмотров: 24