Бишкек.10.04.2019.Govori.TV
Саясатчы Өмүрбек Бабанов билетин социалдык тармакка жайгаштырып койгону үчүн аны кайрадан алмаштырууга туура келген. Себеби, билетти башкаруу башка жарандардын колуна түшүп калбоосу үчүн мындай кадам жасалганы белгилүү болду.
Ал эми Бабанов айтылган күнү ошол эле убакытта учуп келээри айтылды.
Буга чейин интернетте «Республика» партиясынын Бишкектин мэри Азиз Суракматовдун атына жазылган каты тараган. Бабановду тосуп алуу үчүн митинг уюштурулуп, ал 13-апрель күнү саат 14.00дөн 20.00гө чейин өтөрү айтылды. Эскерте кетсек, Бабанов буга чейин Москвадан 13-апрель күнү саат 14.50дө учуп келерин жар салган.
Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабанов 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду алган. Андан кийин өлкөдөн чыгып кетип, саясаттан биротоло кетип жатканын билдирген.
УКМКнын маалыматы боюнча Бабановго эки кылмыш иши козголгон. Биринчисинде улут аралык кастыкты козутуу боюнча айып тагылса, экинчисинде бийликти күч менен басып алмакчы болгон деп күнөөлөнгөн.
Нооруз күнү Бабанов кыргыз элине куттуктоо жолдоп, сөзүнүн соңунда «жакында көрүшкөнчө» деп жазган. Ал эми УКМК саясатчы келсе «мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын» эске салган.