Бишкек.09.08.2019.Govori.TV.
Өмүрбек Бабанов Бишкекке учуп келе жатат. Бул тууралуу Govori.TVга Бабановдун тарапташтары билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бабанов азыр учакка отурду, ал Бишкекке 14:40та конот.
Далил катары алар, Өмүрбек Бабанов учакта олтурган сүрөтүн социалдык тармакка жүктөдү.
Бирок 8-августа, УКМК эскерткен, эгерде Ө.Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартылат.
Ө.Бабановго карата козголгон эки кылмыш ишин иликтөөдө, деп билдирген. Алар Ош шаарындагы “Амир-Тимур” кичи районунда провокациялык маанидеги сүйлөгөн фактысы боюнча, экинчиси бийликти күч менен басып алуу жана массалык баш аламандыкты даярдоо боюнча козголуп, учурда токтотулган кылмыш иши.
Азыркы тапта биринчи кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып жатат.