• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бабанов: Эч кимден, эч жакка качкан эмесмин!

26 Аяк оона 2019 18:03 Бишкек Govori.TV

“Республика” партиясынын мурунку лидери Өмүрбек Бабанов бүгүн эртең менен Москвага учуп кеткени эл оозуна алынып, пикирлер айтылган. Бул тууралуу саясатчы билдирүү таратты.

«Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн менин персонама болгон кызыгуусуна ыраазычылык билдирем. Мен өз иштерим менен алекмин, алар ички да, эл аралык да каттамдарга чыгууну талап кылат. Эч жакка, эч кимден качкан эмесмин, качкан жокмун. Сиздер билгендей, күбө катары тергөө органдарына өз убагында барып турам, ушул убакыттын ичинде аларга бардыгын түшүндүрүп, актыгымды далилдей алдым деп ишенем. Ал эми менин кыймылыма чектөө жок. Андыктан өз иштерим менен тышка учуп чыккам, анан албетте өз мекеним Кыргызстаныма келем!», — деп жазган Бабанов.

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) жана Финансы полициясында, азыркы тапта өзүнө байланыштуу баш-аягы сегиз иш иликтенип жатканын айткан.

Алардын ичинен төртөөнүн чоо-жайы белгилүү. Калган иштер боюнча Бабанов өзү да, мамлекеттик мекемелер да маалымат бере элек.

Өмүрбек Бабанов өзүнө козголгон иштер боюнча УКМК менен Финполицияга бир нече жолу сурак берип чыккан.

Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон жана шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен.
2018-жылы чоң саясаттан кеткенин, мындан ары жалаң ишкерлик менен алектенерин билдирген. Быйыл 9-августта Москвадан Бишкекке учуп келген.

Количество просмотров: 315