Бишкек.12.04.2019.Govori.TV.
“Кыргызстан” банкынын акционерлери дивидент төлөнбөгөндүгү үчүн Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси боюнча кылмыш ишин ачтырышты. Алардын бири рейдердик басып алуу. Бул тууралуу бүгүн Калича Умуралиева 24.kg агентигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Ал 1998-жылдан бери банктын акционери болчу. Анын айтуусунда Өмурбек Бабанов “Кыргызстан” банкын сатып алганга чейин акционерлерге өз убагында дивидент төлөнүп турчу, ал сатып алгандан кийин төлөө токтотулган.
“Бизге 2006 жана 2007-жылы дивидент төлөнгөн жок. Биздин бардык арыздарга банк оор кырдаалда, төлөп берүү мүмкүн эмес деген жооп кайтарышкан. Бирок бул андай эмес. Банк тынымсыз иштеп, биздин миллиарддаган каражаттарыбыз бар болчу”,- дейт Калича Умуралиева.
Анын айтымында, 2019-жылы жаңы Кылмыш-жаза кодекстеринин күчүнө киргенден кийин гана кылмыш ишин ачууга мүмкүнчүлүк алышкан.
“Биз аларды жакшылап иликтеп чыктык. Азыр арыздардын баары дароо кылмыш иши жана укук бузууга бирдиктүү реестрине катталаарын билдик. Ошондуктан, укук коргоо органдары иликтешке туура келет. Биз арызды февраль айында жазганбыз. Тергөө иши башталдып, сурак алып жаткан учурда экинчи тарапты чакырышты. Ошондо биз финполдун алдынан белгисиз адамдар Бабановдун туугандарын коргогону келишкенин көрдүк. Эмне үчүн мындай кылышат? Мындай жол менен алар тергөө иштерине кысым жасап жатышат,”- деди Умуралиева.
Белгилүү болгондой кече Жогорку кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Бабановдун жээни Жаныбек Мырзабаевди финансы полициясы сурака алган.
Буга чейин “Кыргызстан” банкынын дагы бир акционери Замиргүл Коңурбаева Өмурбек Бабановдун атына арызданган. Мындан сырткары Финполго арыз жазган.