Бишкек.09.04.2019.Govori.TV.
“Республика – Ата Журт” фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов чет жакка чыгып кеткенден берки алгачкы интервьюсун берди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчаларына жайгаштырган.
«Миржан жетектеген НТС каналынын тобу жана Мирсулжан менен жолугуштум, туруктуу колдоо көрсөтүп келгендерине абдан ыраазымын. Анан 1,5 жылдан бери эң алгачкы жолу интервью бердим… кичине көнүкпөй калганым сезилди»,-деп жазган Бабанов.
Эске салсак, Бабанов жакынкы арада Кыргызстанга келет деген сөздөр анын партиялаштары тарабынан айтылууда. Ал эми өзү 21-мартта “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктап, “жакында көрүшкөнчө” деп жазган.