• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бабанов өлкөгө кайтса жоопко тартылабы? УКМКнын жообу

22 Жалган куран 2019 12:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.03.2019. Govori.TV.

“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтса, мыйзам боюнча жоопко тартылат.

Бул тууралуу УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди. Сулайманов Бабановдун өлкөгө кайтуу ниети боюнча кабарларды комментарийлеп жатып, “мыйзам чегинде жоопко тартылат” деп билдирди.

Буга чейин Өмүрбек Бабановдун бир айдын ичинде өлкөгө кайтышы мүмкүн экенин анын жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири, Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров кабарлаган.

Бабанов 21-мартта “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктап, “жакында көрүшкөнчө” деп жазган эле.

«Республика» партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо ат салышып, экинчи орунду алган.

Ошол эле жылы 4-ноябрда «анын шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде Башкы прокуратура иш козгоп, материалдарды УКМКга өткөрүп берген. Ага карата «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш козголгону кабарланган.

Бул айыптоолорду четке каккан Бабанов өлкөдөн чыгып кетип, кийин депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кеткенин жарыялаган.

УКМК буга чейин саясатчыга козголгон иштердин бири токтоп турса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.

Количество просмотров: 3