• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бабановдун кармалышы боюнча жактоочусу билдирүү таратты

31 Бугу 2021 19:05 Бишкек Govori.TV

«Кумтөр» иши боюнча кармалган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун адвокаты Амантур Абдрахманов билдирүү таратты. Анда Бабановду эмнеге айыптап жатканы белгисиз экени айтылат.

“Өмүрбек Бабанов сурак протоколуна»Айыптоонун маңызы мага түшүнүксүз. Кылмыш кылууга өзүмдү күнөөлүү деп эсептебейм”, — деп жазды. Ал премьер-министр болуп турганда Кумтөр боюнча эки чечим кабыл алган. Биринчиси, Кумтөр голд” компаниясынын жаратылыш-коруктарын сактоосун текшерүү боюнча комиссия түзүү тууралуу, экинчиси мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновдун “Кумтөр голдго” 16 330 гектар жер берген токтомун жокко чыгаруу жөнүндө»,-деди Абдрахманов.

Экс-премьер-министри Өмүрбек Бабанов «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысы боюнча кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы 31-майда билдирген.

Мекеменин маалыматына караганда, тергөөнүн жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде Өмүрбек Бабановго Жазык жаза кодексинин 319-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш жасаган деген айып тагылды. УКМКнын, Башкы прокуратуранын жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринен түзүлгөн мекемелер аралык тергөө тобу Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруудагы коррупциялык фактыларды иликтеп жатат.

Бабанов 2009-жылы Курманбек Бакиевдин тушунда вице-премьер-министр болуп иштеген.

Количество просмотров: 3183