• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бабановдун ордуна Абдыбек Дүйшалиев депутат болот

22 Үчтүн айы 2018 14:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.01.2018.Govori.TV

Өмүрбек Бабановдун ордуна Жогорку Кеңешке депутат болуп Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорт жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин мурдагы директору Абдыбек Дүйшалиев келет, деп БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов  Govori.TV сайтына  билдирди.

«Тизме боюнча кезекте Абдыбек Дүйшалиев турат, андыктан мандат ага берилет — деди Абдыжапар Бекматов.

Эске салсак, президенттик шайлоодо экинчи орун алган Өмүрбек Бабанов былтыр октябрь айында өлкөдөн чыгып кеткен.

Ошондон кийин Бабановго карата «Конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга үндөө жана «Улуттар аралык кастыкты козутуу» боюнча кылмыш иши козголгон.

Ага анын шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүндө Ош шаарындагы өзбек улутундагы шайлоочулар жашаган Он-Адыр аймагына барган учурда сүйлөгөн сөздөрү негиз катары каралууда.

Мындан тышкары, Бабанов Жаңы жылдык майрам алдында билдирүү таратып, депутаттык мандатын өз эрки менен тапшырып, саясаттан кете турганын айткан. Ал партиялык ишмердиктен да кетип жатканын белгилеген.

Количество просмотров: 16