• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Бабановдун тарапташтарына митингди башка жерде өткөрүү сунушталды

12 Чын куран 201911:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.04.2019.Govori.TV.

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун тарапташтарына 13-апрелге белгиленген митингди Максим Горький сейил багында өткөрүү сунушталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясынан билдиришти.

Жергиликтүү бийлик тынчтык иш чараларын өткөрүүгө тыюу сала албайт. Андан тыюу салуулар сот аркылуу гана чечилет.

Белгилей кетсек, «Республика» партиясы 13-апрель күнү Бишкек, Нарын, Талас, Каракол шаарларында митинг өткөрмөкчү.

Количество просмотров: 12