Адвокат Амантур Абдырахманов саясатчы Өмүрбек Бабанов тууралуу таратылган маалыматты төгүнгө чыгарууну ЭлТРден талап кылууда. Жактоочу ушундай арыз менен Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссияга кайрылды.
Адвокаттын белгилешинче, аталган телеканал 21-июнда жаңылыктар программасында жана Ютубдагы каналында Бабановду “Кумтөрдөгү коррупциялык иштерде фигурант” деп мүнөздөгөн.
Абдырахманов программада Бабанов тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтар берилип, фактысы жок жалаа жабуу болгонун билдирди.